Төрага Нурланбек Шакиев Жумгал районунда бала бакчанын пайдубалына капсула салды
Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Байзак айылында курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды.
120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Капсула салуу аземинин алкагында айыл тургундары менен да жолугушкан Төрага: “Келечек ээлерине алгачкы билим берүүнүн башаты бала бакчадан башталат. Андыктан мамлекет тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имараттар курулууда. Буга бүгүнкү пайдубалы түптөлүп жаткан бала бакча анык мисал. Андан тышкары, мыйзамсыз негизде, туура эмес менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары мамлекетке кайтарылуу иши жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.
Ошондой эле агрардык өлкө катары Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы дагы артыкчылыкка ээ экенин айткан Нурланбек Шакиев кийинки жылы ирригация тармагына эле 2 млрд сом бөлүнөрүн кошумчалады.
“Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн каралган каражатты туура колдонуп, каналдарды жаңылоого, арыктарды тазалоого жана жаңы жерлерди өздөштүрүүгө басым жасашыбыз кажет. Ошондой эле тоют камдоодо да кемчиликтер арбын. Буга байланыштуу быйыл жайыттарды калыбына келтирүү боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп, 100 тонна жайыт чөбүнүн үрөөнү сатылып алынып, таратылды”, – деди Төрага.
Жолугушууда Төрага Нарын облусуна тиешелүү бардык маселе менен тааныш экенин жана аларды аймактан шайланып келген депутаттар парламентте байма-бай көтөрүп келе жатышканын белгиледи.
Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.