Жалал-Абад облусунда кылкандуу дан эгиндери жыйналып, күздүк айдап-себүү жумуштары башталды

 Жалал-Абад облусунда кылкандуу дан эгиндери жыйналып, күздүк айдап-себүү жумуштары башталды
2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы облус аймагында 32 миң 445 гектар жер аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилип, толугу менен коромжусуз жыйнап алынды.
Тактап айтканда, 18 миң 137 гектар аянтка буудай өсүмдүгү эгилген. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 601 гектар аянка көп. Гектарына орточо түшүмдүүлүк 26,6 центнерди түзүп, 48 миң 159,9 тонна дүн жыйым топтолду. Ал эми алдынкы дыйкан-фермерлер сугат айдоо аяттарынан 70 центнерге чейин мол түшүм алууга жетишкен.
Мындан сырткары, арпа 14 миң 308 гектар аянтка эгилип, 2022-жылга салыштырмалуу 738 гектарга көп айдалган. Ошондой эле, жүгөрү, күрүч, жашылча, бакча, картошка жана май өсүмдүктөрүн жыйнап алуу жумуштары аяктап калды. Ал эми, пахта өсүмдүгүн жыйноо 60 пайыздан өттү.
Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылдын түшүмү үчүн 17 миң 45 гектар аянтка күздүк бууда эгүү пландалып, бүгүнкү күнгө карата 350 гектар аянтка эгилди.

Связанный пост