Россия эки балык чарба ишканасына продукцияны экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алды
Россиия Федерациянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн онлайн текшерүүнүн жыйынтыгында “Аква Пром” жана “Аква Сервис” балык чарба ишканаларына Россия Федерациясына продукцияны экспорттоого коюлган чектөөлөр алынып, Бажы биримдигинин ишканаларынын реестриндеги статусту “Күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” деп өзгөртүлдү.
Ошондой эле, ушул ай ичинде 4 балык чарба ишканаларына коюлган чектөөлөр алынат.
📌Эскерте кетсек, Россиия Федерациянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан Кыргызстандан экспорттолгон балыктардан антибиотик жана икрадан листерия бактериясы табылган деген жүйөө менен 6 балык чарба ишканаларына чектөө коюлган. 2023-жылдын 4-7-сентябрынаь чейин онлайн инспекциялоо жүргүлүлүп, документтер тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.