Бишкекте өрттүн кесепетинен 3 жаштагы бала каза тапты

 Бишкекте өрттүн кесепетинен 3 жаштагы бала каза тапты

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М аттуу бала каза болгон.

Связанный пост