Конституциялык сот өзүнүн чечимин кайра карай алат – ЖК мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

 Конституциялык сот өзүнүн чечимин кайра карай алат – ЖК мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

КРнын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды КРнын Конституциялык сотуна берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.

Связанный пост