БШК Ленин шайлоо округу боюнча К.Самаковду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-сентябрда Самаков Кубанычбек Карганбековичти №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттоо чечимин кабыл алды.
К.Самаковго күбѳлүк жана белгиленген үлгүдѳгү тѳш белги берилди.
Маалымат иретинде:
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында болуп ѳттү.
2023-жылдын 20-сентябрында БШКнын №88 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары белгиленди.
Шайлоого 24 талапкер катышты (эркектер – 19, аялдар – 5).
Ленин шайлоо округунда шайлоочулардын саны 127 239 адамды түздү, алардын 20 миң 171и же шайлоочулардын 15,85% катышты.
Шайлоочулар 51 шайлоо участкаларында добуш беришти, ал участкаларда 708 мүчѳ иштеди.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмеси алфавиттик тартипте БШКда «Тизме» мамлекеттик порталына жайгаштырылган. (https://tizme.gov.kg/).
Самаков Кубанычбек Карганбекович добуштардын кѳпчүлүк санын – 5273 же добуш бергендердин санынын 26,14% алган.
Шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ КР БШКга бардыгы болуп 32 бузуулар жѳнүндѳ маалымат келип түшкѳн, алардын ичинен 11 маалымат шайлоого даярдык мезгилинде, 3 – үгүт жүргүзүү токтогон күнү, 18 – шайоо жана андан кийинки күнү келип түшкѳн.
Келип түшкѳн бардык арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечимдер кабыл алында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндѳ жооптор берилди.
Бишкек шаары боюнча КР УКМК ББнын, Бишкек шаарынын прокуратурасынын, КР ИИМ ТКнын, Бишкек шаарынын ИИБнын жана Бишкек шаарындагы Ленин районунун ИИБнын маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жана шайлоонун натыйжаларынын жыйынтыгына таасир эткен бузуулар жѳнүндѳ жана/же мындайларга талапкерлердин катыштыгы тууралуу каралбай калган материалдар жок.
Кабыл алынган чечимдер №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо даттануулардын жана бузуулардын реестриде КР БШКнын сайтында чагылдырылган.