Кыргызстан менен Грециянын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты

2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Греция Республикасынын Тышкы иштер министри Георгис Герапетритис менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

 

Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришип, мамилелерди чыңдоонун мүмкүн болгон потенциалдуу багыттарын талкуулашты. Көп тараптуу кызматташуу жагынан тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана эл аралык уюмдарда көрсөтүлүп жаткан талапкерлерди өз ара колдоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

 

Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы менен Грециянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү жана эки өлкө үчүн кызыкчылык жараткан долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына маектешинин көңүлүн бурду.

 

Өз кезегинде Грециянын тышкы иштер министри Г.Герапетритис да макулдугун билдирип, климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргонуу жаатында кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Связанный пост