Бажы кызматы комбинацияланган дарылардын мыйзамсыз ташылып келүүсүн аныктады

 Бажы кызматы комбинацияланган дарылардын мыйзамсыз ташылып келүүсүн аныктады

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген товарлар менен бажы операцияларына мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында МТБнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан бажы эрежелерин бузуу аныкталган.

«Э.Б.К.» ЖЧКнын дарегине БАЭден дары-дармек каражаттары катары декларацияланган, ошону менен бажы алымдарынан мыйзамсыз бошотулган комбинацияланган дары-дармек каражаттары (БАКтар) келгени аныкталган.

Ошентип, төлөнбөгөн импорттук бажы алымынын суммасы 1 179 552 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост