Мамлекеттик сатып алуулар ачык жана айкын болот

 Мамлекеттик сатып алуулар ачык жана айкын болот

КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жана USAID тарабынан каржыланган «Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода» Долбоору электрондук контракттарды башкаруу модулунун расмий ишке киргизүү аземин өткөрүштү.

Иш-чара КР Финансы министринин орун басары У.Календеровдун, USAIDдин КРгы миссиясынын директору Кая Адамстын жана КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Б. Досалиевдин катышуусу менен болуп өттү.

Электрондук контракттарды башкаруу модулу мамлекеттик сатып алууларды башкарууда айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.

Артыкчылыктары:

• милдеттерди жана иш процесстерин автоматташтыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу;

• айкындуулукту жана ачыктыкты жогорулатуу. Модуль борборлоштуруп, ичинде бардык контракттар аркылуун аткарылган маалыматтар сакталат;

• контракт боюнча кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана байланышты жакшыртуу;

• Келишимге көз салуу жана эскертүүлөр. Модуль келишимдин этаптарын жана убактысын башкарууга жардам берет.

USAID тарабынан каржыланган «Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода» долбоору көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө 15 жаңы ноутбук өткөрүп берди берди.

«Контракттарды башкаруу модулу ишкердик, соода жана кызмат көрсөтүү процесстерин жакшыртууга жардам берет. Ал атаандаштыкты өнүктүрүүнүн маанилүү механизми болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана жаңы соода жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга, сынактарга катышкан компаниялардын ортосунда таза атаандаштыкты өнүктүрүүгө жардам берет. Модуль мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында киргизилди», – деп белгиледи өз сөзүндө КР Финансы министринин орун басары У.Календеров.

Белгилей кетсек, электрондук контракттарды башкаруу модулунун киргизилиши менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсү ачык жана айкын болот.

Связанный пост