Жогорку Кеңеште репрессияланган жарандарды реабилитациялоо максатында комиссия түзүү сунушталууда

 Жогорку Кеңеште репрессияланган жарандарды реабилитациялоо максатында комиссия түзүү сунушталууда

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Анын демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары  Ж.Акаев, Н.Шакиев, Ч.Султанбекова, М.Самыйкожо.

Депутат Жанар Акаев белгилегендей, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо маселелерин мыйзамдуу жөнгө салууга багытталган, бул эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. “Кезегинде болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон-,» деди Ж.Акаев.

Ушуну менен катар, мыйзамды кабыл алуу жана андан соң ишке ашыруу сталиндик репрессиялардын чыныгы себептери жана масштабдары жөнүндө объективдүү баа берүүгө жана өлкөнүн коомчулугуна маалымдоого, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, туура саясий жана укуктук тыянак чыгарууга, келечекке сабак алууга мүмкүндүк ачат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Жылдыз Садырбаева мыйзамды ишке ашырууда каржылык чыгымдарды, комиссиянын ыйгарым укуктары жана кабыл алган чечимдери боюнча маселени тактады. Депутат Кундузбек Сулайманов комиссиянын курамына берилүүчү эмгек акыларды тактоону, бюджеттен кошумча каражат кароону сунуштады. “Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында алардын мүчөлөрүнө сөзсүз түрдө кызыктыруучу каражаттар карашылы кажет-,”деди К.Сулайманов.

Депутат Айбек Маткеримов кезегинде репрессияга кабылган ата-бабаларды тарых алдында актоо туура чечим болорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдой тургандыгын белгиледи. Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винере Раимбачаева комиссияга укук коргоо органдарындагы архивдик документтерди колдонууга мүмкүндүк берүү боюнча маселени  тактады.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Ошондой эле, комитет отурумунда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Связанный пост