Курулуш компаниядан үй сатып алууда жарандарга пенсиялык фонддогу топтолгон акчасын колдонууга мүмкүнчүлүк берилүүдө

 Курулуш компаниядан үй сатып алууда жарандарга пенсиялык фонддогу топтолгон акчасын колдонууга мүмкүнчүлүк берилүүдө

Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулады.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков сунушталган мыйзам долбоору Конституцияга шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле куруучу субъекттерден турак-жай сатып алууну каалаган ар бир жаранга пенсиялык фонддогу 2%дык топтомо каражатын алып колдонууга мүмкүнчүлүк берүү жана аларды колдоо максатында иштелип чыкканын билдирди.

 

“Жарандарыбызга өзү каалаган куруучу субъекттен (куруучу же, курулуш компаниясынан) үй сатып алып жаткан учурда пенсиялык фонддогу өзүнүн топтомо каражатын алгачкы төлөм катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилип жатат”, – деп белгиледи депутат Бактыбек Чойбеков.

 

Ошондой эле комитет “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” жаңы редакциядагы мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуулады. Документтер менен Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Мариям Жанкорозова тааныштырды.

 

“Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын социалдык адилеттүүлүк принциптерине шайкештиги, максатка ылайыктуулугу жана натыйжалуулугу, ички карама-каршылыктарды жана конфликттерди, мыйзамдагы боштуктарды жоюу, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди мыйзамдык жөнгө салууну оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Аны менен катар жарандардын жана юридикалык жактардын медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоого, калкты сапаттуу жана коопсуз медициналык буюмдар менен камсыздоого багытталган.

 

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” долбоордун максаты дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгуунун негизинде масштабдуу жана сапаттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу оптималдаштыруу жана өркүндөтүү болуп саналат.

 

Дары өзгөчө товар болуп эсептелет жана дарыларды ченемсиз жарнамалоо аларды контролсуз колдонууга алып келет, ошондуктан мыйзам долбоорунда аларды жарнамалоо маселелери жөнгө салынды.

 

“Дары каражаттарын өндүрүү” беренеси ЕАЭБ актыларынын жоболорунун алкагында дары каражаттарын өндүрүүгө талаптарды жогорулатуу максатында кеңейтилди.

 

Талкуу учурунуда депутат Жылдыз Садырбаева, Аида Исатбек кызы медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди каттоо тартиби боюнча суроо салышты. Комитет төрайымы Винера Раимбачаева сунушталган эки мыйзам долбоорлорун кеңири талкуулоо үчүн парламенттик угуулар болорун маалымдады.

Связанный пост