Чек арачылар 5 млн сомдук алтын жасалгалардын мыйзамсыз алынып чыгышына бөгөт койду
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан 5 млн сомдук алтын жасалгалардын мыйзамсыз алынып чыгышына бөгөт койгондугун маалымдайт.
Ош-Стамбул багытында бараткан адамдарды чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө 1978-ж.т. Өзбекстан Республикасынын Т.С. аттуу жараны тынчсыздаган мүнөздө болгонуна чек ара кезметинин көңүлү бурулган.
КР УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда Т.С. аттуу жаран салмагы 848 граммды түзгөн алтын жасалгаларды Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамын кыйгап өтүп (декларциядан өткөрбөй туруп) самолоттун бортуна алып өтүүгө аракет кылган.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кармалган алтын жасалгалардын баасы 5 млн сомдон жогору деп бааланды.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана алтын жасалгалар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.