МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында жаңыдан курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылыш аземине катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Бөбөк” балдар бакчасын ачты.
Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек менен Ош шаарында бала бакча жана мектепке болгон муктаждык абдан чоң экенин, бул үчүн өлкө Президенти маселени чечүү боюнча катуу тапшырмаларды коюп жатканын билдирди.
“Быйылкы жылы Ош шаарында 3 мектеп, 4 бала бакчанын курулушу жүрдү. 1-сентябрга карата 2 мектеп, 3 бала бакчаны ачып жатабыз. Ноорузда дагы 1 бала бакча берилген. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, элибиздин саны 7 млндон ашты. Балдардын саны 2,5 млндон ашты. Бул биздин эки жарым миллион баа жеткис байлыгыбыз – келечегибиз”, – деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы курулган “Бөбөк” балдар бакчасы 100 орундан турат. Заманбап бардык шарты менен 2 кабаттан турган бала бакча 48 млн сомго курулган. Бул муниципалдык аймактык башкармалыкта 56 миң жаран жашайт.