Борбор калаада “Заманбап рынокту куруу” МЖӨ долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

 Борбор калаада “Заманбап рынокту куруу” МЖӨ долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду

Муниципалитеттин жыйындар залында муниципалдык мүлк, жерди пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында борбор шаар мэриясы менен “Азия Нур Групп” ЖЧКнын ортосунда МЖӨ “Заманбап рынокту куруу”долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга “Бишкекасфальтсервис” МИнин аймагында жайгашкан “Заманбап рынокту куруу” МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”КР мыйзамына ылайык кол коюлду.

МЖӨ долбоору узак мөөнөттүү болуп саналат жана соода (экспорт, транзит, логистика) чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк үчүн шарттарды түзүүгө, региондо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жана жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган.

Болжолдонгон инвестициянын суммасы 1,0 млрд. сомдон ашыкты түздү, ал Макулдашууга ылайык иштин төмөнкү түрлөрүнө жумшалат:

– ишмердүүлүгү жакын жайгашкан “Дордой” жана “Келечек” конуштарынын жашоочуларына терс таасирин тийгизген “Бишкекасфальтсервис”муниципалдык ишканасын көчүрүү;
– “Бишкекасфальтсервис” МИси үчүн жаңы имараттарды жана курулмаларды курууга, ошондой эле жолдорду курууга жана оңдоого арналган техникаларды берүүгө;
– заманбап инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды (суу менен камсыздоо, канализация, ирригация), медициналык жана дарыкана пункттарын, коомдук тамактануу ишканаларын, душ кабиналарын, дааратканаларды камсыз кылуу менен рынокту түзүү;
– санитардык, экологиялык ченемдердин, соода жана коомдук тамактануу эрежелеринин, эмгекти коргоо, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын сактоо менен сооданы камсыз кылуу;
– шаар менен оптималдуу транспорттук байланышты камсыз кылуу, каттамдарды ачуу;
– комплекстин аймагына кирүүчү жана чыгуучу жерлерди негизги транспорттук магистралдар менен ыңгайлуу туташтырууну камсыз кылган транспорттук түйүндөрдү куруу;
– бардык келүүчүлөр үчүн автомобилдерди ыңгайлуу токтотууну камсыз кылган паркингдин болушу;
– базарга кирүүчү жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо;
– 350дөн 1000ге чейин жумуш орундарын түзүү.

Мындан тышкары, жеке өнөктөш тарабынан тараптар макулдашкан график боюнча мамлекеттик өнөккө жыл сайын МЖӨ акы төлөө каралат.

Долбоор аяктагандан кийин жеке өнөк мамлекеттик өнөккө мүлктүк комплексин сактоо менен жер участогун кайтарып берет.

МЖӨ борбору тарабынан экономикалык жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча иштер улантылат.

Связанный пост