“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкерлери кармалды
Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.
Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен.
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жер тилкелердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар жасалма корутундунун негизинде, Жалал-Абад областындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды. Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.
Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген.
Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.