Акча талап кылууга шектелип Таш-Мойнок айылдык кеңешинин учурдагы депутаты кармалды

 Акча талап кылууга шектелип Таш-Мойнок айылдык кеңешинин учурдагы депутаты кармалды

2023-жылдын 14-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды, себеби 2023-жылдын январь айынан баштап борбордук базарлардын биринин аймагында жайгашкан “Мясной” бөлүмүнүн башчысы болом деп өзүн тааныштырып, соода орундарынан ажыратам деп коркутуп, сатуучулардан түшкөн акчанын бир пайызын опузалап алган белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголду.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран акча каражатын алып жатканда камакка алынган. Кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин учурдагы депутаты экендиги аныкталып чыкты. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу изоляторуна камакка алынган.

Мындан тышкары шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок, такталбаган үлгүдөгү курал-жарактар жана акча каражаттары табылган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Связанный пост