ӨКМ министри Жумгалдагы калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышты

Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров миң-куштуктар менен жолугушуп, кабар алган. Жолугушуу учурунда уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча элдин пикирин угуп, жергиликтүүлөргө терс таасири тийбей тургандай иштер аткарыларын билдирген.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында 26-июлда иш сапарында болду. Анын алкагында министр ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев, Уран калдыктарын сактоо жана көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси Дамир Кушбаков, “Росатом” ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте аймактагы уран калдыктары сакталган жана жаңы көчүрүлүп жаткан жайлардын абалын көрүп чыкты.

Ал “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан “Дальная” калдык сатоочу жайына ташуу учурундагы иш процессине, жүк ташуучу унаалардын калдыктарды ташуусу жана зыянсыздандыруу эрежелерине тыкыр көңүл бурду.

Министр Бообек Ажикеев “Дальная” калдык сактоо жайынын абалын текшерип, жеринде иштеп жаткан жумушчулардан кабар алып, калдыктарды төгүү, көмүү эрежелеринин сакталуусу боюнча өз сунушун билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундарга эле эмес, коңшу айылдардын элине да зыяны тийбегендей иш-чаралар аткарылышы зарыл.

Ага улай “Как”, “Талды-Булак” калдык сактоочу жайына тиешелүү иштер жүргүзүлүп, аягына чыгарылганына жана “Туюк-Суудан” “Дальныйга” калдыктарды зыянсыз ташып чыгуу, жүк ташуучу унаалар айыл ичинде эң төмөнкү ылдамдык менен жүрүп, эржелерди туура сактоо учуруна күбө болду.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана “Росатом” ишканасынын унаалары калдыктарды зыянсыздандыруу иштерин аткарышууда.

Связанный пост