Бишкекте шахмат аллеясы ачылды

Борбор калаада Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде “Шоро” ишканасынын шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды.
Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Кызыл лентаны Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды.
Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду.
Белгилей кетсек, стол оюндарын сүйүүчүлөр мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.

Связанный пост