Таласта күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштери кызуу жүрүүдө

2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалындагы бардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Анын жүрүшүндө отказандардын жарактан чыккан тетиктери алмаштырылып, сырдалууда.

Бүгүнкү күндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен Талас шаарындагы мазут отуну менен иштеген №1 отканага буу бөлүп чыгаруучу кичи отказан (паровой) орнотулду.

Аталган отказан көмүр отуну менен иштеп, көмүрдү аз керектейт. Ошондой эле ыкчам буу чыгарып, мазутту суюк абалга келтирүү функциясына ээ.

Связанный пост