Ош шаарында коомчулукка кызмат көрсөткөн жеке менчик жайлардын санитардык абалы текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери биргеликте шаар ичинде өз билемдик менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жеке менчик ишканаларды текшерүүгө алышты.
Анын жүрүшүндө шаар ичинде ишмердүүлүгүн өз билемдик менен жүргүзүп жаткан 33 мекемеде, анын ичинде санитардык түйүндөрдө, тиш дарылоочу кабинеттерде, косметология салондорунда мыйзам бузуулар аныкталып, санитардык ченемдерин жана уруксат кагаздарын иретке келтиргенге чейин жумушун токтотуу боюнча көрсөтмөлөр түзүлүп, материалдар ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы №586 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде, мерчемделген текшерүүлөр токтотулган.
Бирок, уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз иш алып барган жеке менчик ишканалар көбөйгөнүнө байланыштуу, калктын саламаттыгын сактоо жана кан аркылуу жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта мораторий алынып, текшерүү иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Анын натыйжасында, жыл башынан бери мыйзамсыз иш алып барган жеке менчик мекемелердин ээлерине 1 миллион 900 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Связанный пост