Алмаз Мамбетов Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

 Алмаз Мамбетов Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Мамбетов Азербайджан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Тийешелүү буйрукка 6-июлда Акылбек Жапаров кол койгон.

 

Маалымат иретинде:

➡️Азербайжан Республикасынын Президенти И.Г.Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

 

➡️Фонддун максаты – Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.

 

➡️Кол коюлган келишимге ылайык, Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тоо-кен металлургия өнөр жайы сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү аркылуу каржылоону ишке ашырат.

Связанный пост