Акылбек Жапаров БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленге Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасына БУУнун Өнүктүрүү программаларын ишке ашырууда туруктуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын миссиясы долбоорлордун үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылып, туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашыруу боюнча ишин уланта турганын белгиледи.
Мындан тышкары, Луиза Чемберлен Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттарына токтолду, атап айтканда, өнүктүрүүнү каржылоо стратегиясын жана Баткен облусун өнүктүрүү программасын белгиледи.
Ал белгилегендей, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо боюнча билдирүүсүнө ылайык, БУУнун Өнүктүрүү программасынын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө ири инвестициялар үчүн жеке каржылоону мобилизациялоого көмөктөшүүгө даяр, мында өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу болот.
Министрлер Кабинетинин Башчысы акыркы жылдары мамлекеттик саясаттын багыты адамдык капиталды өнүктүрүүгө, өзгөчө калктын аялуу катмарын коргоого бурулуп жатканын белгиледи.
«Биз жакырчылыктын чегинен төмөн турган адамдарды колдоого багытталган бир катар долбоорлорду ишке киргиздик жана БУУнун Башкы катчысынын демилгесин толугу менен колдойбуз. Үстүбүздөгү жылдын башында өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргызстандын тышкы карызын дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Климаттын өзгөрүшүнө каршы натыйжалуу күрөшүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн бизге «жашыл» экономикага көбүрөөк инвестиция керек», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле Соvid-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Акылбек Жапаров Луиз Чемберленге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.