Ысык-Көлдө “Автоураган” иштөөдө. Одоно эреже бузган 29 унаа кармалды
“Жайкы туристтик мезгил-2023” иш-чарасы учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген.
Бул аппараттык-программалык комплекссинин жардамы менен Чолпон-Ата шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери одоно жол эрежелерин бузган баардыгы 29 авто унааларды аныкташып, атайын айып короо жайына токтотушту.
Алардын ичинен:
– Издөөдө жүргөн авто унаалар 3;
-Убагында айып пулдарын төлөнбөгөн авто унаалар 6;
-Авто унаанын каттоосу убактылуу токтотолган авто унаалар 20.
Аталган “Авто Ураган” аппараттык-программалык комплекси Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында, жайкы туристтик мезгил учуру аяктаганга чейин жол кырсыктарын алдын-алуу багытындагы кызмат алып барат.