Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды

Борбор калаанын  Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасынын ачылыш аземи өттү.

Спорт аянтчасынын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын, Ленин районунун акиминин  орун басарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Жаңы аянтча тиешелүү спорттун түрлөрү менен жабдылган: футбол, волейбол, баскетбол, балдар  аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат, чуркоо үчүн аянтчалар жана унаа токтотуучу жай камтылган.
Аянтчанын жалпы аянты 0,8373 га.

Курулуш иштери “Би Эм Ассист” ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан жүргүздү.

Связанный пост