МинКаб Төрагасы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү

 МинКаб Төрагасы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түздү

Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү.

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353- буйругунда белгиленгендей, уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитилди.

Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комитеттин курамы;

Кызматы боюнча:

Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Бишкек шаарынын мэри;

Ош шаарынын мэри;

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Президенттин Администрациясынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;

Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

Кыргыз Республикасынын “ЭлТР”мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин Төрагасы;

Жекече:

Акматалиев Абдылдажан Амантурович-академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Т. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;

Калыбеков Нурланбек Өскөналиевич-Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы;

Кулмендеев Таалайбек Акжолтоевич-Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төрагасы;

Кулманбетов Жаныш Осмонович-Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун төрагасы;

Исмантаев Сейдеакпар Исакович-“Чынгыз-Ордо”коомдук бирикмесинин директору;

Алышбаева Дамира Жумановна-“Арт-Араб”коомдук фондунун директору;

Бегалиев Муратбек Акимович- Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;

Рыскулов Акбар Рыскулович-Кыргыз Республикасынын Эл акыны (макулдашуу боюнча);

Айтматова Роза Төрөкуловна- Ч. Т. Айтматовдун карындашы (макулдашуу боюнча);

Айтматов Аскар Чынгызович- Ч. Т. Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча);

Айтматов Элдар Чынгызович- Ч. Т. Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча).

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1959-жылдан бери КПССтин ардактуу мүчөсү, 1974- жылы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, 1978- жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланган. Ал 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.

Залкар жазуучунун атасы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атууга кеткен.

Апасы Нагима Хазиевна, татар улутунун кызы, жергиликтүү театрдын актрисасы болгон.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 1952-жылы кыргыз тилиндеги аңгемелерин мезгилдүү басылмаларга жарыялай баштаган.

Институтту бүтүргөндөн кийин үч жыл бою мал чарба илим-изилдөө институтунда иштеп, аңгеме жазып, басып чыгарууну уланткан. 1956-жылы Москвадагы жогорку адабий курска тапшырып, аны 1958-жылы аяктаган. Окууну аяктаган жылы «Октябрь» журналына анын «Бетме-бет» повести жарыяланган. Ошол эле жылы «Новый мир» журналында аңгемелери басылып, Чыңгыз Айтматовго дүйнөлүк атак-даңк алып келген «Жамийла» повести да жарык көргөн.

Связанный пост