Лейлекте ичүүчү суулардын абалы текшерилди

 Лейлекте ичүүчү суулардын абалы текшерилди
Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун Лейлек санэпид бөлүмүнүн кызматкерлери “Тегирменти таза суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесине пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Аталган бирикменин суу кампаларынан жарандарга ичүүчү суу таратылат. Ошондуктан суунун санитардык абалы текшерилип, милденттенмелер берилди.
Ошондой эле суу атайын каражаттар менен залалсыздандырылып, жеринде лабораториялык изилдөөгө үлгүлөр алынды. Тагыраак айтканда хлордун калдыгынын проценти аныкталат.

Связанный пост