Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү суу көйгөйү чечилет

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Манапов Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда маанилүү маселелер, анын ичинде таза суу көйгөйү талкууланды.
Эскерте кетсек, бул маселе боюнча КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районунун жергиликтүү бийлик башчыларына таза суу маселесин алдын алынбаганын, көңүл кош мамиле болгонун айтып, тездик менен элге таза суу маселесин чечүү керектигин билдирип, эки айлык мөөнөт берген.
Облус жетекчисинин тапшырмасына ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Уристем Манапов таза суу боюнча жеринен барып маалымат алды.
Учурда үч скважина казылып, анын экөөсүнө суу берилип, аны тазалоо иштери жүрүп жатат. Суу түтүктөрү орнотула турган жер казылып, даярдалып бүттү. Ушул айдын аягына чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет.
Суу түтүктөрүн тартуу, түтүктөрдү орнотуу жана тазалоо иштери аяктаганга чейин калкты убактылуу суу менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Айыл өкмөт башчысы Бахадыр Мамажанов баардык аракеттерди көрүп, жакынкы аралыкта көптөн бери көйгөй жаратып келген маселени чечип, айыл тургундарын таза суу менен толук камсыздай турганын билдирди.

Связанный пост