Садыр Жапаров Казакстандын Президентине токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 Садыр Жапаров Казакстандын Президентине токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

 

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост