Татарстан Кыргызстанга 10 миң көчөт белек кылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында Кыргызстандын экологиялык ресурстарын жаңыртуу боюнча иш-чараларды улантууда.

 

Бул демилге өлкөнүн жарандарынан гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн арасында да колдоо көрдү. Мисалы, 2023-жылдын 30-майында Татарстан Республикасынан «Имеральд» ЖЧКсы Кыргыз Республикасына 10 000 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн өткөрүп берди.

 

Жаш дарактар Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү.

 

Белгилей кетсек, мындай “жашыл” белекти Кыргыз Республикасы Татарстандан экинчи ирет алып жатат. Бул Жаратылыш ресурстары министрлигинин, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Жамгырчиевдин демилгелүү макулдашуусунун негизинде ишке ашкан долбоор.

 

Быйыл Татарстандан Республикасынан дагы 15 миң көчөт келүүсү күтүлүүдө.

Связанный пост