Ош облусунда 15 бала бакча курулууда

 Ош облусунда 15 бала бакча курулууда

2023-жылга карата облустун билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 41 жаңы мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Ош облусунда билим берүү чөйрөсүн кеңейтүү, өнүктүрүү жана балдардын бакубаттуулугун жакшыртуу багытында натыйжалуу иштер аткарылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев курулуш иштерин убагында жана сапатту аяктоо үчүн тиешелүү кызматтардын бардык өкүлдөрүн өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылып, көзөмөлдөөдө так болууга чакырды.

Связанный пост