Бишкектин бир эле районунунда түнкү рейд учурунда кароосуз жүргөн 22 бала табылган
Свердлов районунун акимиатынын, райондук ички иштер башкармалыгынын балдар боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү борборунун, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери кароосуз калган жашы жете электерди, ошондой эле кайырчылык жана оор эмгек менен алектенген балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.