Борбор калаада жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш өттү

Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата жаа атуу боюнча “Бишкек шаарынын кубогу” эл аралык мелдешин өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэрияснын басма сөз кызматы билдирди.

Жаа атуу боюнча мелдеш «Дасмия» этнокомплексинде өттү. Иш-чарага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Спорттук иш-чаранын башталышынын алдында концерттик программа тартууланды.

Жаа атуу боюнча мелдешке жалпысынан 74 спортчу: Казакстандан 11, Түркиядан 3, Ысык-Көл облусунан 16, Чүй облусунан 9 жана Бишкектен 35 спортчу катышты.

Турнирдин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Связанный пост