Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз автотетиктерди алып кирүү аракети аныкталды

 Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз автотетиктерди алып кирүү аракети аныкталды

         Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагына Корея Республикасынан жаңы автоунаа тетиктерин мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылышкан, деп билдирди КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан.

Фактыны «Түштүк-Батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө аныкташкан.

«А.Б.У» ЖЧКсынын дарегине Корея Республикасынан, автотранспорттук каражатта, «Hyundai» автоунаасы, «Land Rover» автоунаасы, «Spain» автоунаасы, колдонулган автоунаа тетиктери жана колдонулган кыймылдаткычтар товарлары келип түшкөнү аныкталган.

Бирок, автотранспорт каражатын бажылык кароодон өткөрүүдө 4444 даана көлөмүндө декларацияланбаган жаңы авто тетиктер товарлары табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост