«Түндүк-Чыгыш» бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион сомдон ашты

 «Түндүк-Чыгыш» бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион сомдон ашты

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу  КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кытайдан «Н.О.Л.» ЖЧК дарегине «Volvo» маркасындагы жүк ташуучу унаада байпак товары келген. Автоунааны бажылык текшерип кароодо декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо базар баасы 21 131 084 сомду түзгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 756 006 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост