Министрлик: Мектептеги жакшы баалар ЖРТдан жогорку упай алууга кепилдик бербейт
Депутат Дастан Бекешев Агартуу министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктарын мектепти артыкчылык менен аяктаган окуучулар боюнча талдайбы жана мектептеги жетишкендиктер жогорку окуу жайларга тапшырууга канчалык таасир этерин сурады.
Бул маселе “Эл умуту – Ата Журт” депутаттык тобунун жыйынында көтөрүлдү. Анда министрликтин ЖРТны сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары тууралуу маалыматы угулду.
Депутат 11 жыл бою эң жакшы бааларга окуган бүтүрүүчүлөрдүн тестти кандай тапшырарын изилдөө зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, мектептеги баалар дайыма эле ЖРТнын жыйынтыгын чагылдыра бербейт. Анткени тестирлөө учурундагы толкундануу акыркы упайга таасир этиши мүмкүн.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТ көп көлөмдөгү маалыматты жаттап алуу жөндөмүн эмес, ой жүгүртүү деңгээлин жана маалымат менен иштей билүүнү текшерерин түшүндүрдү. Анын айтымында, мектептеги эң жакшы баалар тестирлөөдөн жогорку упай алууга өзүнөн өзү кепилдик бербейт.
Ал министрлик мектептер менен биргеликте окуучулардын маалыматты талдоо, иштеп чыгуу жана колдоно билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында иш алып барып жатканын белгиледи. Башкача айтканда, окуучуларды материалды жөн гана жаттоого эмес, аны түшүнүп, колдоно билүүгө үйрөтүүгө басым жасалууда.
Бекешев ошондой эле 10-11-класстын окуучулары үчүн ЖРТга даярдануу негизги максатка айланып, алар кошумча курстарга көп убакыт бөлүп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, тестирлөө мектептик билим алуунун ордун баспашы керек.
Талкуу учурунда ЖРТны эки жолу тапшырууга болору да айтылды.