Президенттик шайлоо: Кол топтоонун аякташына 11 күн калды
Президенттик шайлоону утурлай талапкерлерге кол топтоо уланууда. Учурда 11 талапкердин алтоосу тийиштүү кол топтоп, каттоо аяктады. Калган беш талапкерге кол топтолуп жатат.
Талапкер колдоо сайтындагы статистикалык маалыматка таянсак, ушул сааттарда 11 талапкерге жалпысынан 330 миң 726 кол топтолду. Алардын 218 миң 474ү же 66 пайызы эркектер болсо, 112 миң 252си же 34%ын аялдар түзөт.

Колдоо көрсөткөн жарандардын жаш курагына көз чаптырсак, 19 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кол топтоого активдүү катышууда. Ошондой эле 36 жаштан 45 жашка чейинкилер да колдоо көрсөтүүдө алдыда десек болот.

БШКнын маалыматы боюнча, кол топтоо 8-декабрда аяктайт (7-декабрда саат 24:00дө).
Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.