Кыргызстан 2027-жылы ЕАЭБ органдарына төрагалык кылат

Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында катышуучулар евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттарын камтыган күн тартибиндеги 48 маселени карап чыгышты.

Негизги көңүл соода-экономикалык кызматташтыкка, өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүгө, энергетикага, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерге бурулду.

ЕЭК Кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңеш үчүн чечим долбоорун жактырды. Ага ылайык, 2027-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга жүктөлөт.

Мындан тышкары, Кеңеш ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндөгү Макулдашуунун долбоорун жактырды.

Бул документ Биримдикке мүчө мамлекеттер тарабынан органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таанууну караштырат. Бул жалпы рынокто мындай продукциянын жүгүртүлүшүнө жана сатылышына шарт түзөт.

Аталган Макулдашуу органикалык продукция соодасын тартипке келтирип, өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтат жана керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырат.

Кеңеш ошондой эле ЕАЭБдин “Синтетикалык жуугуч каражаттардын жана тиричилик химиясынын продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентин кабыл алды.

Документ тиричилик химиясынын продукцияларына карата бирдиктүү коопсуздук талаптарын, анын ичинде шайкештикти баалоо, продукцияны идентификациялоо жана маркировкалоо эрежелерин белгилейт.

Аны ишке ашыруу продукциянын коопсуздугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга жана мындай продукцияларды ЕАЭБ рыногунда жүгүртүү үчүн бирдиктүү алкакты түзүүгө жардам берет.

Техникалык регламент 2032-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча каралып жаткан маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост