Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 млрд сомдон ашты

 Президенттин Иш башкармалыгынын кирешеси 28 млрд сомдон ашты

Президентинин Иш башкармалыгынын коллегиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө ведомстволук уюмдардын 2026-жылдын тогуз айындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, аткарылган иштер боюнча отчёттор, финансылык пландардын аткарылышы, ошондой эле келечекке карата пландар жана милдеттер каралды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын жалпы кирешеси 28 млрд 30 млн 708,3 миң сомду түздү. Пландык көрсөткүч 23 млрд 785 млн 959,2 миң сомду түзүп, план 117,8 пайызга аткарылды. Иш жүзүндөгү киреше пландан 4 млрд 244 млн 749,1 миң сомго ашты.

2025-жылдын ушул эле мезгилинде жалпы киреше 21 млрд 582 млн 599,6 миң сомду түзгөн. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу киреше 6 млрд 448 млн 108,7 миң сомго же 29,9 пайызга өстү.

Белгилей кетсек, коллегиянын жыйынында 2026-жылдын тогуз айындагы финансылык көрсөткүчтөр каралды. Ал эми буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ведомстволук уюмдардын жалпы кирешеси 31 млрд сомго жетип, 32 млрд сомдук жылдык пландын 97 пайызга жакыны аткарылган.

Ошондой эле 2026-жылы Иш башкармалыктын түзүмүнө 10 жаңы мекеме кошулуп, ведомстволук уюмдардын жалпы саны 43кө жеткени белгиленди.

Жыйында санариптештирүү жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президенттин Иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаев курорттук жана санаторий-ден соолукту чыңдоо мекемелерин санариптештирүү, заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемесин мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Жыйындын соңунда ведомстволук уюмдардын жетекчилерине финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, финансылык тартипти бекемдөө жана башкаруу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу тапшырылды.

Связанный пост