Туманбаев: Санаторий-курорттук мекемелер санариптештирилет
Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев курорттук жана санаторий-ден соолукту чыңдоо мекемелерин санариптештирүү, заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемесин мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө санариптештирүү жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле ведомстволук уюмдардын жетекчилерине финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана башкаруу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.