Агартуу министрлиги: Кесиптик лицейлерде 29 миңден ашык адам билим алууда

 Агартуу министрлиги: Кесиптик лицейлерде 29 миңден ашык адам билим алууда

Кыргызстандагы кесиптик лицейлерде учурда 29 миң 474 адам билим алса, алардын 96,9 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен окутулат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Кызыл-Кыя шаарындагы көчмө жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы кесиптик лицейлерге 18 миң 431 адам кабыл алынган. Ал эми жыл сайын орто эсеп менен 14 миң бүтүрүүчү квалификация ыйгарылган диплом алат.

“Учурда кесиптик лицейлерде ашпозчу, автоунаа оңдоочу механик, электр жана газ менен ширетүүчү, маалыматтык технологиялар боюнча адис жана тигүүчү кесиптерине суроо-талап жогору”, — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, мамлекет тарабынан окуучуларга социалдык колдоо көрсөтүлүп, 21 миң 801 адам тамак-аш менен камсыздалган. Ошондой эле 9 миң 365 окуучу стипендия алат.

“Бүгүнкү күндө кесиптик лицейлер 1000ден ашык ишкана жана уюм менен кызматташат. Өндүрүштүк практикадан өтүү боюнча 396 программага келишим түзүлүп, аларга 19 миңден ашык окуучу тартылган”, — деди Виктория Мозгачева.

Мындан тышкары, дуалдык окутуу 48 лицейде уюштурулганын белгиледи. Ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде 4 162 окуучу ушул форматта билим алууда. Жалпы билим берүү программаларынын 21 пайызы дуалдык окутууну камтыйт.

Ошондой эле 70 кесиптик лицейде 81 кыска мөөнөттүү программа ишке ашырылып, аларда 7500дөн ашык адам билим алган. Бул программаларга катышкандардын 70 пайыздан ашыгын 25 жаштан жогорку жарандар түзөт. Ал эми кыска мөөнөттүү курстарда окуган аялдардын үлүшү жарымынан көп.

Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу багытында 2026-жылы алты кесиптик лицейдин имараттарын оңдоого 14,3 млн сом каралган.

Связанный пост