Президенттин аймактардагы жолугушуусу: 1 672 жаран 2 286 маселе көтөргөн
Президент Садыр Жапаровдун жети облустун тургундары менен өткөргөн жолугушууларынын жүрүшүндө 1 672 жарандан 2 286 маселе көтөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде айтылды.
Көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү айыл чарба жана жол инфраструктурасына байланыштуу болгон. Бул багытта 913 кайрылуу түшкөн.
Ошондой эле:
- турак жай, жер жана мүлк маселелери боюнча — 528;
- социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында — 495;
- укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын иши боюнча — 268;
- сот тутуму жана ырайым берүү маселелери боюнча — 241;
- облустук, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча — 225;
- маданият, спорт жана туризм жаатында — 111 маселе көтөрүлгөн.
Мындан тышкары, жарандардан 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн. Алар белгиленген тартипте каралат.
Мамлекет башчысы райондук жана облустук деңгээлде чечилүүгө тийиш болгон маселелер көп учурда тийиштүү көңүл буруусуз калып, жетекчилердин демилгесинин жана жоопкерчилигинин жетишсиздигинен улам аларды чечүү негизсиз создуктурулуп жатканын баса белгиледи.
Ал жетекчилерди кырдаалды өз алдынча иликтөөгө, берилген ыйгарым укуктарынын алкагында чечим кабыл алууга, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турууга жана борбордук органдардын жетекчилигинин кийлигишүүсүн күтпөөгө чакырды.