Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы ыкчам кызматтардын ишин иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өттү
Жогорку Кеңештин 2026-жылдын 11-ноябрындагы №805-VIII токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын шашылыш жана ыкчам кызматтарынын ишин, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү.
Анда Ала-Арча аймагында жашы жете элек баланын каза болушуна байланыштуу окуянын жагдайлары, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу жана жүргүзүлүшү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана шашылыш кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маселе каралды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана башка жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Алгач убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Улугбек Ормонов жыйынды ачып, талкууга тиешеси бар бардык тараптар чакырылганын белгилеп, жыйындын негизги максаты орун алган окуянын себеп-жагдайларын ар тараптуу иликтөө, тиешелүү органдардын ишине баа берүү жана келечекте мындай кырсыктардын алдын алууга, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган конструктивдүү сунуштарды иштеп чыгуу экенин айтты.
Талкуу маалында депутат Медина Кайрылбекова балдардын коопсуздугун камсыз кылуу ата-энелердин да, тиешелүү мамлекеттик органдардын да жалпы жоопкерчилиги экенин билдирсе, эл өкүлү Мавлюда Калбердиева Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бул багытта кандай чаралар көрүлүп жаткандыгына кызыгып, куткаруучулардын альпинисттик жана медициналык даярдыгын жогорулатуу, үзгүлтүксүз окуу-машыгууларды өткөрүү зарылдыгына көңүл бурду.
Депутат Гулшаркан Култаева өзгөчө кырдаалдар учурунда ведомстволор аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселесин ортого салды. Анын айтымында, эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү башка куткаруу иштерине тартылып жаткан болсо, мындай учурларда көмөк көрсөтө ала турган башка кызматтарды тартуу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгуу зарыл. Муну менен катар Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү тартибине байланыштуу маселени көтөрдү.
Эл өкүлү Чолпон Эсенаманова өз кезегинде тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыга турган сунуштамаларды мыйзамдык жактан камсыз кылуу маселесинде депутаттар колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле ири туристтик иш-чараларды өткөрүүгө алдын ала жана тыкыр даярдык көрүүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жарандарды издөө жана куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө көмөктөшүүчү заманбап техникалык каражаттар менен жабдуунун зарылдыгына токтолду.
Депутат Табылды Муратбеков Ала-Арчадагы кырсык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндөгү системалык көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарганына токтолуп, акыркы мезгилде жаштар арасында туризмге, анын ичинен жөө жүрүштөргө жана тоо туризминин башка түрлөрүнө болгон кызыгуу өсүп жатканын эске алуу менен, мамлекет жана коомчулук мындай эс алуунун коопсуздугун камсыз кылууга даяр болушу керектигин айтты.
Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле кырдаалга жүргүзүлгөн ички талдоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, окуянын келип чыгышына адам фактору себеп болгонун, тактап айтканда, жардам көрсөтүү өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калганын маалымдады. Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдап, издөө-куткаруу иштерин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн алгоритмдери кайрадан каралып жатканын кошумчалады.
Ал эми Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов 7 миң метрден жогору жайгашкан тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын ырастады. Андан тышкары, туристтер көп барган маршруттарда коомдук-куткаруу постторун түзүү жана алардын ишин күчөтүү, массалык жөө жүрүштөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар иштелип жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, убактылуу депутаттык комиссиянын курамына депутаттар Улугбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, Табылды Муратбеков, Гулшаркан Култаева, Чолпон Эсенаманова, Медина Кайрылбекова, Улукбек Карыбек уулу, Мавлюда Калбердиева жана Айгүл Карабекова кирген.