Кыргызстан Сауд Аравияга бал экспорттоону сунуштады

 Кыргызстан Сауд Аравияга бал экспорттоону сунуштады

Кыргызстан Сауд Аравиясына экологиялык жактан таза жана адал продукцияларды, анын ичинде бал жана айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Сауд Аравиясынын Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх менен жолугушууда билдирди.

Парламенттин маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканына карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жатканын белгиледи.

Ошондой эле энергетика, тоо-кен өнөр жайы, туризм жана инфраструктура тармактарына саудиялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Связанный пост