“Кыргыз кымызы” брендин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

 “Кыргыз кымызы” брендин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыя менен колдоо пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рыскүл Акимжанова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, учурда каражат бөлүү жана аны алуу механизмдери иштелип жатат.

“Айыл чарба министрлигинде кымыз өндүрүүчүлөрдүн жана бул суусундукту изилдеген окумуштуулардын катышуусунда жыйын өттү. Анда “Кыргыз кымызы” брендин өнүктүрүү, өндүрүштүн сапатын жана көлөмүн жогорулатуу, кымызды ички жана тышкы рынокторго чыгаруу маселелери талкууланды”, – деди ал.

Ошондой эле тармактын өкүлдөрүн бириктирген жумушчу топ түзүлдү. Мындан ары ал министрлик менен биргеликте иш алып барат.

Связанный пост