Караколдогу Жеңиш паркы толугу менен жаңыланды

 Караколдогу Жеңиш паркы толугу менен жаңыланды

Каракол шаарындагы Жеңиш паркын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаар мэри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңылануунун алкагында парктын кире бериштери оңдолуп, кошумча кирүү жолдору уюштурулду. Ошондой эле аймак жашылдандырылып, шахмат, балдар ойноочу, кичи футбол жана бейсбол аянтчалары курулду.

Мындан тышкары, парктын тарыхый маанисин сактоо максатында аймагындагы бардык монументтер реставрациядан өткөрүлдү.

Шаар мэри Талантбек Иманов жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жеринен таанышып, жаңыланган паркты көрүп чыкты.

Связанный пост