“Асман Эйрлайнс” учактар паркын кеңейтип, каттамдарды көбөйтөт

 “Асман Эйрлайнс” учактар паркын кеңейтип, каттамдарды көбөйтөт

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы учактар паркын кеңейтип, өлкөнүн аймактарына ички каттамдардын санын көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында журналисттер менен жолугушууда “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, декабрь айынын ортосуна чейин авиакомпаниянын паркына дагы үч учак кошулушу күтүлүүдө. Мындан тышкары, компания эки Embraer учагын сатып алган. Алар 2027-жылдын май айында Кыргызстанга жеткирилет. Учурда учактар Оманда кабыл алуу жана даярдоо иштеринен өтүүдө.

Ошондой эле авиакомпания башка компаниялар менен учактарды ижарага алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Келечекте учактардын санын 8-10го жеткирүү, ал эми 2030-жылга чейин флотту 12 чоң учакка чейин кеңейтүү пландалууда.

Самидинов белгилегендей, жаңы учактардын келиши менен ички каттамдардын географиясын кеңейтүү жана учуу графигин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Айрыкча аймактык аэропортторго каттамдарды өнүктүрүүгө көңүл бурулууда.

“2022-жылы Бишкектен Жалал-Абадга жана Баткенге жумасына экиден гана каттам аткарылчу. Азыр бул багыттардагы каттамдардын саны жумасына беш-алтыга чейин көбөйдү. Келечекте Нарын, Казарман, Кербен жана Талас сыяктуу аймактык багыттарды да өнүктүрүүнү көздөп жатабыз”, — деди ал.

Анын маалыматына караганда, ички каттамдар боюнча билеттердин баасын мурдагы деңгээлде кармап туруу да негизги милдеттердин бири болуп саналат. Учурда айрым аймактык багыттарда каттамдардын саны суроо-талапка жана жүргүнчүлөрдүн агымына жараша аныкталууда.

Связанный пост