БШК: Садыр Жапаров бир суткада 60 миң кол топтоду

 БШК: Садыр Жапаров бир суткада 60 миң кол топтоду

Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн кыска убакыттын ичинде 60 миң кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШК: Садыр Жапаров бир суткада 60 миң кол топтоду

Маалыматка ылайык, кечээ кечке маал президенттикке талапкерлигин көрсөтүп арыз берген Садыр Жапаров каттоого зарыл болгон 30 миң колдун чегинен ийгиликтүү өттү. Жалпысынан аны учурдагы мезгилге карата 60 миң шайлоочу колдоп добуш берген.

Бүгүнкү күнгө карата БШКга жалпысынан 7 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү 13-ноябрга чейин уланат. Ал эми Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Шайлоочулардын колдорун ”Түндүк” санариптик платформасы аркылуу электрондук түрдө же салттуу кагаз жүзүндө чогултууга болот.

Связанный пост