Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берилди
Жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубековичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда “Ала-Арча” жаратылыш паркынын аймагындагы Электро чокусунан 2011-жылы туулган Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Буга чейин 7-ноябрда өспүрүм кечки саат 19:02де адашып кеткени тууралуу 112 кызматына билдирген.