Депутат жогорку окуу жайларын реформалоону сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жогорку окуу жайларын башкаруу системасын реформалап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, учурда көпчүлүк университеттер салттуу система менен иштеп, студенттерге окуу программаларын жана бюджеттик, контракттык орундарды сунуштоо менен гана чектелүүдө. Ал эми контракттык төлөмдөрдүн кымбатташы билим берүүнүн сапатынын жогорулашына дайыма эле алып келбейт.
“Университеттерибиз акча табуучу уюмдарга айланып калды. Контракттын баасы жогорулап жатат, бирок билим берүүнүн сапаты жакшырып жатабы – бул чоң суроо”, – деди ал.
Бекешевдин пикиринде, университеттер студенттер менен ачык диалог түзө алган, заманбап жана чыгармачыл жетекчилер тарабынан башкарылышы керек. Ошондой эле студенттердин көйгөйлөрүн билүү үчүн ректорлор алар менен үзгүлтүксүз жолугуп турушу зарыл.
Мындан тышкары, депутат студенттерди спортко тартуу үчүн университеттердин спорт федерациялары менен кызматташуусун, электрондук студенттик карталарды киргизүүнү жана кесиптик практикалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү сунуштады. Анын айтымында, окуу жайлар мамлекеттик органдар жана ишканалар менен байланыш түзүп, студенттердин адистиги боюнча тажрыйба топтоосуна шарт түзүшү керек.
“Университеттерди реформалоого убакыт келди. Болбосо, эртеби-кечпи алар артта калып, билим алууга жараксыз болуп калат”, – деп белгиледи Дастан Бекешев.