Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин Лондондо тааныштырууда
Лондондо туристтик индустриядагы эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири World Travel Market (WTM) London 2026 көргөзмөсү башталып, анда Кыргыз Республикасы өзүнүн туристтик потенциалын дүйнөлүк коомчулукка таанытууда.
Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Омар Султанов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Малика Молтоева катышты.
Көргөзмөнүн биринчи күнүндө кыргыз делегациясы улуттук стендде ишин баштап, эл аралык аудиторияга өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, кайталангыс жаратылыш жана маданий мурастарын, ошондой эле туризмдин келечектүү багыттарын тааныштырууда.
WTM London 2026 көргөзмөсүнө катышуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасын дүйнөлүк туристтик рынокто жагымдуу туристтик багыт катары илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.